Кочкордо күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болгон келиндин окуясы. Тергөө аяктап, иш сотко өттү

Нарын облусунун Кочкор районунда 37 жаштагы келиндин жансыз денеси өз үйүндө табылган. 2020-жылдын 1-январь түнү болжол менен саат 00:40 чамасында Кочкор РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө "Тез жардам" бөлүмүнүн фельдшеринен кабар келип түшкөн. Жерине барган ыкчам топ Жаңы-Жол айылынын 1983-жылы туулган С.Ж. аттуу келин каза болуп калгандыгын аныкташкан. Ал эми шектүү катары келиндин күйөөсү кармалган.

Бүгүн, 1-май күнү Нарын облустук соту SUPER.KG порталына аталган иштин тергөө иши аяктап, сотко өткөнүн билдирди.

"Бул иш карантинге байланыштуу 9-майдан кийин каралат. Шектүү Нарындагы абакта", - дешти басма сөз кызматынан.

Бул окуя боюнча үй-бүлөнүн айылдаштарына байланышканыбызда, аты-жөнүн атагысы келбеген маркумдун айылдашы төмөндөгүлөрдү айтып берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан