Ат-Башыда КамАЗ бир аялды сүзүп, ал окуя болгон жерде каза болду

Нарын облусунун Ат-Башы районунда КамАЗ унаасы 60 жаш курактагы аялды сүзүп, ал окуя болгон жерде каза болгон. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 2-май күнү саат 12:00 чамаларында болгон.

"Унааны Чүй облусунун тургуну 59-жылы туулган айдоочу башкарып бара жаткан. Ал Ат-Башыдагы дүкөндөргө суусундук ташып барган. Ал жолдон бурулайын деп жатканда аялды жөөлөп, сүзүп алган. Учурда бул кырсык Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү иштер аткарылууда. Унаа айып короосуна токтотулду", - дешти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан