Лейлекте сел жүрүп, турак үйлөрдү каптады

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сел бүгүн, 2-май күнү саат 18:30дар чамасында алдын ала маалымат боюнча, мөндүр аралаш катуу жааган жамгырдын кесепетинен Лейлек районунун аймагында Тогуз-Булак айыл аймагынын, Миң-Жыгач, Сумбула айыл аймагында Кара-Дөбө айылынын Катар участкасына жана Исфана шаарынын сел өтүүчү сайлардан сел жүргөн.

Исфана шаарынын Дадасиян, Восточная, Строительная көчөлөрүнүн күн чыгыш, түштүк тарабынан жана Жаңы-Конуш участкасына тоолордон келген сел, арыктардан ашып 10 турак үйгө жана жер төлөсүнө жана 10 турак үйдүн огород участкасына сел суулары кирген.

Ошондой эле Кара-Дөбө айылынын Катар участкасынын 1 турак үйгө селдин суулары кирген. Жеринде ӨКМнын ыкчам тобу тиешелүү иш алып баруу үчүн жүрөт. Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун жеке көзөмөлүндө.

Алдын ала маалыматка ылайык, жабыр тарткан же каза болгондор жок. Кошумча маалымат берилет.

Буга чейин Исфана шаарында сел жүргөнү маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
gulam
2020-05-02 23:09:42
Дадасиян восточная дейтко бул кыргызстан эмес окшойт
-10
aida007
2020-05-02 23:20:21
gulam,Исфана Кыргызстан эле кочолордун аттары ал шаар интернационал коп улуттуу
+6
Arstan18.18
2020-05-02 23:41:35
gulam,сен озун Кыргызстандан эмес окшойсун? Бишкектеги кочолордун атын уккан эмес белен?!
+6
Muratmipa
2020-05-02 23:56:16
gulam,асмандан түшкөн окшойсун значит Денсиопин деп Бишкектин көчөсүн айтса да сен аа бул Кыргызстан эмес десен керек бир болсо
+2
Dembele84
2020-05-03 05:21:32
gulam,анда Шота Руставели,киевская,толстой кочолору да Бишкектики емес екен да а сага?
+3
Mister-X
2020-05-03 06:54:14
gulam,Мен деле таң калып жатам.эмнеге кыргызча ат көчөлөргө коюла элек.Элмирбек Иманалиев,Зайыр Ажыматов,Манас,Бакай көчөсү деп алмаштырсын.
+3
natasha00
2020-05-02 23:59:49
Оо жараткан Буткул ааламды, жана Кыргызстан Элини кутулбос апаат кырсыктан, айыкпас оорудан сакта Алла! Ушул Ыйык Орозо айында жакшы тилектерди кабыл кыл Алла! Эмне деген заман бп жатат келгиле туугандар жакшылыкты тилейли! Буткул Дуйного жарыктык берсин Аллах!
+11
KG_7755
2020-05-03 00:14:23
ӨКМ маалыматты толук бербейби? Башка айылдарда деле селден жабыркагандар болуптур.
+4
temirov76
2020-05-03 12:40:37
Жалпы Лейлек боюнча кеч очкон свет али куйо элек.
0
katerina.li
2020-05-03 17:11:47
Мээси жоктор,Эл уйлорун сел алып кыйналып атса,кочонун атын айтып суйлойсунор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан