Ат-Башыда күйөөсү ок атуучу курал менен коркутуп сабаган аялдын башына операция жасалды

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда аялын ок атуучу курал менен коркутуп сабаган шектүүнү сот камакка алды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ат-Башы райондук соту шектүүнүн баш коргоо чарасын карап, аны 2 айга СИЗОго киргизди.

"Жабырлануучу аялдын башына операция жасалды. Азыр абалы туруктуу. Учурда ооруканадан чыгып, эжесинин үйүндө", - дешти милициядан.

8-апрель күнү Ат-Башы РИИБине жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, 1980-жылы туулган А.А. аттуу бир тууган сиңдиси денесинен жараат алып ооруканага түшкөндүгүн билдирип, аны сабаган адамга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүсүн суранган. Аталган факты боюнча текшерүү жүрүп, анда жубайлар 2020-жылдын январь айынан бери чогуу жашабай калышкандыгы аныкталган. Ал эми аял бир тууган эжесинин үйүндө жашап жаткан, ошондой эле жолдошу менен ажырашуу тууралуу Ат-Башы райондук сотуна арыз менен кайрылган. Ошондон баштап жолдошу ага тынчтык бербей, чыр салып, зомбулук көрсөтүп жүргөн. 8-апрель күнү саат 11:00 чамасында кайын эжесинин үйүнүн короосунан жолдошу сайсыз ок атуучу куралы менен аялын коркутуп сабаган. Натыйжада А.А. Нарын облусунун бириктирилген ооруканасынын сынык жаракат бөлүмүнө жаткырылган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан