Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда сел жүрүп, турак үйлөрдүн короолорун каптаган

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда сел жүрүп, айылдардагы турак үйлөрдүн короолорун каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Такталган маалымат боюнча, 3-май күнү саат 19:00 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу арыктарга суу батпай, Кош-Терек айылындагы 6 турак үйдүн жана Ызар айылынын 8 турак үйдүн короолорун каптаган. Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ала-Бука райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 2 кызматкери жана райондук комиссиясы тартылган. Кошумча маалымат берилет", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан