Александровка айылында болгон жол кырсыктан 4 адам жабыркап, ооруканага жеткирилди

Чүйдүн Александровка айылында болгон жол кырсыгынан 4 адам жабыркап, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Газ-53 унаасын 24 жаштагы айдоочу башкарып бара жатып, Дэу Нубира унаасы менен сүзүшкөн.

"Кырсыктан улам жеңил унаанын 1987-жылы туулган айдоочусу жана унаадагы үч жүргүнчү жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Чогултулган бардык материалдар Москва РИИБине өткөрүлүп берилди", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан