6-майда Жогорку Кеңеште Баткендеги табигый кырсыктын кесепети тууралуу өкмөттүн маалыматы угулат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан жетекчиси Ибрагим Нуркун уулу социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
2-май күнү саат 18:30 чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен тоолордон келген сел суулары арыктан ашып, Исфана шаарындагы Дадасиян, Восточный, Строительный көчөлөрүндө жана Жаңы-Конуш тилкесинде жайгашкан 4 турак үйдүн жер төлөөсүнө, 10 турак үйдүн короолоруна, “Арча-Бешик” бала бакчасынын жер төлөөсүнө жана Кара-Дөбө айылынын Катар тилкесинде 1 турак үйгө сел кирип кеткен. Ошондой эле Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 380-чакырымын, Исфана-Андарак-Көк-Таш унаа жолунун 10-27-чакырым аралыгын, Самат-Замборуч-Жаркыштак унаа жолунун 8-27-чакырым аралыгын кум-шагылдарга толтурган.