"Апамды эстеп жүрөлү деп Мырзайым деген ысым ыйгардык" дейт кыздуу болгон Мирбек Иманбеков

Ырчы Мирбек Иманбеков кырк жылкылуу болду. Үчүнчү ирет ата статусун алган ырчынын жубайы Талас облусунун Кара-Буура районунда көз жарды. Мирбек мырзаны куттуктап байланышканыбызда, эне, баланын абалы жакшы экенин айтты.

"Келинчегим 2-майда саат 5терде кызыбызды жарык дүйнөгө алып келди. Салмагы 3 килограмм 600 грамм болду. Бүгүн, 4-майда жубайым менен кызымды төрөт үйүнөн чыгарып келдик. Апамды эстеп жүрөлү деп кызыбызга Мырзайым деген ысым ыйгардык. Негизи апамдын паспорттогу аты Мырзабүбү. Бирок аны Канчайым дешчү. Апамдын эки атынан улам Мырзайым дедик", - дейт ырчы.

Ырчы менен жубайы Бурул айым буга чейин бир кыз, уулду тарбиялап келишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
molorbaev
2020-05-04 21:44:14
Омурлуу болсун.
+11
aza84
2020-05-04 21:56:56
Ден соолук болсун
+8
Jaka78
2020-05-04 21:58:04
Бешик боосу бек болсун
+10
aydinnur
2020-05-04 22:17:56
Ай ушул бала азамат,айылдын сонун жашоосун тандап!Бешик боосу бек болсун кызынын!
+18
Becktour
2020-05-04 23:12:26
Омуру менен берген болсун,бизгеда насип этсин
+6
rola
2020-05-04 23:55:38
Омуру,ден-соолугу менен берген болсун.
+5
Timurlan2017
2020-05-05 18:47:19
Мирбек иним,кызындын омуру узун болсун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан