Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кинорежиссёр, сценарист жана актёр Актан Арым Кубат тарткан "Кентавр" тасмасы порталыбыздын "Кинозал" бөлүмүнө жүктөлдү.
Тасмада өзүнүн улуттук түпкү салт-санаасын сактап калуу аракеттерин көргөн, жылкыны "ат - адамдын канаты" деп ыйык туткан, өз аты өчүп Кентавр атка конгон адам жөнүндө баяндалат. Ал сөз гректердин мифтеринде кездешет. Бирок анын татаал дүйнөсүн, ойлорун эч ким түшүнө бербегендиктен кыйынчылыктар жаралат.
Тасма Кыргыз өлкөсү, Франция, Германия, Нидерланды жана Япониянын кино жаратуучулары менен биргеликте 2017-жылы тартылган. Драма бир катар эл аралык фестивалдарда көрсөтүлүп, Орусиянын улуттук "Ника" киносыйлыгына талапкер болгон, Беларустун президентинин жана башка сыйлыктарга ээ болгон.
Тасмада Зарема Асаналиева, Болот Тентимишов, Таалайкан Абазова, Илим Калмуратов, Нуралы Турсункожоев, Актан Арым Кубат жана башкалар роль жараткан. Режиссёр тасмадагы ролу үчүн 2017-жылы АКШнын Лос-Анжелес шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк Азия тасмаларынын III фестивалында "Эркектин мыкты ролу" наамын жеңип алган.
"Кентавр" тасмасын көрүү үчүн шилтеме.