Ош облусунун аймагында жер силкинди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөө канча балл болгону такталып жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жок.
Ал эми бүгүн, 6-майда саат 16:00гө жакын Өзбекстандын аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталганын аталган өлкөнүн маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Өзбек өлкөсүнүн Сейсмологиялык мониторинг борборунун маалыматы боюнча, силкинүүнүн күчү Наманган облусунда 2 баллга, Анжиянда 3 баллга, Фергана өрөөнүндө 2 баллга жеткени байкалган.
Жер силкинүүнүн борбору Кыргыз өлкөсү менен Кытайдын чектеш аймагында Ташкент шаарынан 431 чакырым алыстыкта жайгашкан.