Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбеков алгачкы жолу кызынын сүрөтүн коомчулукка көрсөттү. "Улуу кызым мага жакын" деген ырчы мырза SUPER.KG порталына төмөнкүдөй маалыматтарды берди.
"Бул менин улуу кызым, аты - Элайым. Сентябрь айында, буюрса, 6 жашка чыгат. Үйдүн куудулу да ушул кызым. Анча-мынча чыгармачылыкка жакындыгы да бар. Айтор, атасына аябай жакын. Экинчи кызым Нурайым 4 жашка чыкты, кичүүбүз болсо Салман, 2 жашта", - дейт ырчы.
Эске салсак, көп жылдар бою үй-бүлөсүн жашырып келген Гүлжигит Сатыбеков былтыр "Супер-Инфо" гезитине маек берип, жеке жашоосун ачыктаган.