Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 11-класстын окуучусу жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-май күнү саат 13:00 чамасында Ноокен айылынын тургуну 25 жаштагы У.Э. өзүнүн Хундай-Портер унаасын айдап, 11-класстын окуучулары К.Б., Ж.у.Б., Т.к.А. жана С.С.ны салып, Кара-Булак жайлоосуна бара жатып, жол кырсыгына кабылышкан.
"Унаанын айдоочусу Кыр-Жон жайытында унааны башкара албай, кырсыкка кабылган. Натыйжада үч окуучу денесинен жаракат алып, аймактык оорукананын хирургия бөлүмүнө жеткирилген. Ал эми бир окуучу, тактап айтканда К.Б. окуя болгон жерден каза болгон", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.