Чет элдик маалымат каражаттары билдиргенине ылайык, жаңы тасмада Жонни Депп катышпайт.
Ал эми тасмада башкы ролду аял киши ойношу мүмкүн. Башкы ролго сунушталган талапкерлердин тизмесин 32 жаштагы шотландиялык актриса Карен Гиллан жетектеген. Азыркы тапта актриса аталган ролго бекитиле элек.
Карен Гиллан популярдуулукка "Дарыгер ким" аттуу фантастикалык сериалдан кийин жеткен. Актриса аталган тасмада бир нече сезон бою башкы ролдордун бирин аткарган.