30-августтан 31-августка караган түнү пикир келишпестиктен улам белгисиз бирөөлөрдүн токмогуна кабылган кикбоксчу Алексей Федосеевдин абалы жакшы. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда Улуттук госпиталдын бет-жаак сөөк хирургия бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Кулназаров билдирди. Айтымында, жаак сөөгү 2 жеринен сынган Алексей азыр жеңил дарылануу курсунан өтүп жатат. Бети-башы көк ала болуп карттанган Алексей Федосеевдин баскан-турганы тың. Машыктыруучусу Жанбулат Амантаевдин айтымында, кикбоксчу 27-сентябрда Бразилияда баштала турган кикбокс боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышмак. "Жаагы 2 жеринен сынып кетиптир. Кем дегенде 1 айдан кийин рингге кайтат. Ушундан улам Бразилияга аттануучу команданын курамына кирген жок",- дейт ал. Эске сала кетсек, Алексей “Гермес Профи” спорт кулубунун тарбиялануучусу. Буга чейин ал кикбокстун К1 версиясы боюнча бир катар Эл аралык мелдештерде жеңүү менен катар, 2 ирет Евразиянын, 1 ирет Континенттер аралык чемпиондуктун жана 1 ирет Дүйнө чемпиондугунун кубогун утуп алган.