Бүгүн, 8-май күнү саат 10 чамасында Бишкек шаарынын Панфилов жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кафеден өрт чыкты. Бул тууралуу маалымат түшкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кырсыктан жабыркагандар жок экенин айтышты.
Өрттү өчүрүүгө саат 10:17де Свердлов райондук №3 АӨКБдан 1 бөлүм, саат 10:23тө Октябрь райондук №5 АӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 2 бөлүм жана штаб тартылган.
Кошумча маалымат берилет.