Бишкек шаарындагы кафеден чыккан өрт өчүрүлдү

Бишкек шаарынын Жибек Жолу көчөсүндө катталган өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
"Жибек Жолу көчөсүндө чыккан өрт саат 10:38де толугу менен өчүрүлдү. Окуядан жабыркагандар жок. Кызматкерлердин аракетинин астында өрт жакын жайгашкан турак жайларга өткөн эмес. Болжолдуу түрдө тилсиз жоо 250 чарчы метрди ээлеген", - деп жазылат маалыматта.
Бүгүн, 8-май күнү саат 10дор чамасында Бишкек шаарындагы Жибек Жолу жана Панфилов көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан кафеден өрт чыкканы маалымдалган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан