Бишкек-Арал-Суусамыр унаа жолунда эки жеңил унаа сүзүшүп, бир адам каза болуп, төрт жүргүнчү ооруканага жеткирилди. Маалыматты Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, 8-майга караган түнү саат 03:30 чамасында SsangYong Musso унаасы чыгыштан батышка карай бара жатып, Фольксваген Пассат унаасы менен сүзүшкөн.
"SsangYong Musso унаасын 1985-жылы туулган айдоочу башкарып бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен Фольксваген Пассат унаасынын 1992-жылы туулган айдоочусу Жайыл аймактык ооруканасында алган жаракаттарынан улам каза болгон. Ал эми ошол эле унаанын төрт жүргүнчүсү ар кандай жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилди. Учурда кырсык болгон жерде милиция кызматкерлери иштеп жатышат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.