Ырчы Айдана Деканын агасы, ырчы Канат Деркембаев жубайы менен ажырашканын ачыктады

Ырчы Айдана Деканын агасы, ырчы Канат Деркембаев жубайы менен ажырашканын ачыктады. Бул маалыматты ал Инстаграм баракчасына жазып чыккан.

"Сиздерден абдан көп суроолор келип жатат, менин жеке жашоом боюнча, үй-бүлөм туурасында. Андыктан бүгүн ошол нерсеге чекит коёюн деп чечтим. Жашоодо өйдө-ылдый болот экен. Бардыгы биз ойлогондой болсо кана? Биз эки жылдан бери чогуу жашабай калганбыз. Быйыл жубайым менен үй-бүлөлүк жашоо жолубуз эки тарапка бөлүнүп, мыйзамдуу түрдө ажырашып кеттик. Айта берсем, сөздөр көп! Туура түшүнүңүздөр!

Эми мага үй-бүлөлүк абалым туурасында суроолоруңуздар токтойт деп ойлойм жана өтүнөм", - деп жазган Канат мырза.

Белгилей кетсек, Канат Деркембаев "Карындашым", Айдана Дека менен чогуу "Энекем" дуэтин аткарган. Жубайы экөө бир уул, бир кызды тарбиялап келишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Tynara9391
2020-05-09 12:01:29
Окунучтуу.
+7
zhaku2017
2020-05-09 12:40:08
Айдана Дека просто красавица да
-17
rola
2020-05-09 12:42:11
Айдананын тоюнда чоогу эле экенго.Же андан кийин ажыраштыбы.Жарашып алгыла,чымчыктын да уясы бузулбасын.Жакшынакай аялын бар экен.
+15
sirenaaaaa
2020-05-09 13:10:55
rola,балким келип, кетип жашап жургон болсо керек эле да. Негизи бизде ажырашууну оной коруп алышты
+5
voennyi88
2020-05-09 13:44:16
Улуу Ата-Мекендик жеништин 75 жылдык майрам болуп жатса мунун эмне кереги бар эле деймда. Же эл таанысачы.
+21
AdylbekB84
2020-05-09 13:54:54
Эч бир жандын үй- бүлөсү бузулбасын! Балдары бар экен эң өкүнүчтүүсү ошолордун тирүү жетим калганы!
+6
Becktour
2020-05-09 14:51:01
Буга Ким бериптир суроону.Тан калычтуу
+11
natasha00
2020-05-10 02:04:43
Becktour,))))
+1
gulzat85
2020-05-09 17:07:24
Эмне болуптур эми
+2
adiaza
2020-05-09 22:41:01
Эми эмне дейбиз, кичине болсо да пиар кылып атын чыгарып коелу деген ойдо да, )))))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан