Ырчы мырзалар Курал Чокоев жана орусиялык "Голос" берүүсүнүн катышуучусу Нуржигит Субанкулов 9-май Жеңиш күнүнө карата ардагерлерди өзгөчө куттукташты. Атайын аскер формаларын кийген ырчы мырзалар согуш ардагерлерине ыр белек сунуп кайтышты.
"Бүгүн Алмаз Раимбеков деген активист досубуз ардагерлерди куттуктап келели деп чакырганынан Нуржигит Субанкулов экөөбүз бардык. Учурдагы карантинге байланыштуу ардагерлердин үйүнө кире алмак эмеспиз. Ошого атайын краны бар унаа жалдап, ардагерлерди балконго чакырып, "Жеңиш күнү" аттуу ырды аткарып берип жаттык. Ал эми 1-2-кабатта жашаган, көчөгө чыга алчулар, подъезддерине чыгышты. Акчалай сыйлык берели десек, албай коюшту, бизге ыр белек жетиштүү деп. Ардагерлерибиз ырды угуп, аябай кубанышты. Жанында турган бала-чакалары болсо аталарынын кубанганынан таасирлениппи, айтор, ыйлап жатышты. Акыркы жолкусунда Асылбек Өзүбеков агай да бизге кошулуп, куттуктады", - дейт Курал.