Президент: "Банк чөйрөсү өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө маанилүү ролду ойнойт"

Бүгүн, 10-майда президент Сооронбай Жээнбеков банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Банк чөйрөсү өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө маанилүү ролду ойнойт. Учурда орун алган жагдайда Кыргыз мамлекетинин банк системи экономиканы үзгүлтүксүз каржылоо, төлөмдөрдү жүргүзүү жана калкты акча каражаттары менен камсыз кылуу жагында үзгүлтүксүз иш жүргүзүп, өзүнүн туруктуулугун көрсөттү.

Бүгүнкү күндүн шарттары заманбап технологияларды - банктык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүнү, мобилдик банкингди, электрондук төлөмдөрдү жана калкты аралыктан тейлөөнү өнүктүрүүнү жигердүү жайылтуу зарылдыгын дагы бир жолу айгинелеп турат. Кыска мөөнөткө каралган максаттар менен катар эле узак мөөнөттүү экономикалык өнүгүү боюнча иштерди да активдүү жүргүзүү учурдун талабына айланды. Банк чөйрөсүнүн кызматкерлери, ыкчам жана ийкемдүү чечимдерди кабыл алууну, жогорку кесипкөйлүктү талап кылган алдыдагы милдеттерди ийгиликтүү аткарат деп ишенем", - деп айтылат куттуктоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан