Эртең, 11-майда Жогорку Кеңештин комитетинде өкмөттүн отчёту каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, анда вице-премьер-министр Аида Исмаилова баяндама жасайт. Андан тышкары жыйынга министрликтердин жана мекемелердин жетекчилери чакырылды. Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин онкологиялык оорулууларды финансы жана дары-дармек менен камсыздоо жөнүндө маселе дагы каралат.