Азимжан Аскаровдун кыргыз өкмөтүн сотко бергени боюнча процесси райондор аралык сот жоюлуп кеткени үчүн болбой калдыбы? Буга карата Жогорку Соттун жообу

Бүгүн, 11-майда Бишкектин райондор аралык соту укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кыргыз өкмөтүн сотко бергени боюнча иш процесси болуп өтмөк. Бирок ал болбой калганын Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүнкүгө белгиленген соттук отурум өткөн жок. Анын себебин түшүндүргөн маалымат кийин таратылат".

Ошол эле маалда укук коргоочунун соту райондор аралык соту жоюлуп кеткени үчүн өтпөй калды деген маалымат тарады.

Бул маалыматты Жогорку Соттун басма сөз кызматынан тастыктады. "Ооба, райондук сот жоюлган, бирок 11-майда эмес. Бул боюнча дагы толук маалымат берилет", - деди SUPER.KG порталына маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
futboler
2020-05-11 12:56:13
ХХХХХ десе, дагы сотко да берип коёбу?
+7
Muz
2020-05-11 13:15:12
Соке дагы жожо короз экен бир ишти чече албаган. таджик пограничниктери атып эле жатат Кыргыздарды ХХХХХ олтурат команда бере албай кашеки жожо экен
+4
bond0202
2020-05-11 19:56:06
жактоочулары жугуруп атышса керек акчасын жеп алышып
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан