Чүйдө айдоочу рулга ээ боло албай унаа оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 4 киши жаракат алышты

Чүй облусунун Аламүдүн районунда айдоочу рулга ээ боло албай, жол кырсыгына кабылды. Кырсыктын кесепетинен 4 жаран жаракат алышты. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, жол кырсыгы 10-майда саат 18:44тө Панорамага бара жаткан жолдо орун алган.

"Хонда CRV үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа оодарылып кеткен. Анын кесепетинен 4 эркек киши жабыркаган. Жерине ӨКМнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары барышып, жабыркагандарды "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен", - дешти мекеменин басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан