Депутат Жанар Акаев элдин 90 пайызы бийликке нааразы болуп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
"Эң маанилүү көңүл бөлө турган социалдык чөйрөдөн анча-мынча каражатты аябаш керек. Учурда коомчулуктун көпчүлүгү кыргыз өкмөтүнө нааразы. Азыркы өкмөт, вице-премьер-министрлер эл менен жакшы диалог түзө албай жатат. Эл менен жакшы сүйлөшө албай жатасыздар. Бизге кайрылган жарандардын 90 пайыздан көбү бийликке анын ичинде өкмөткө, парламентке нааразы. Биз учурда ачык саясат жүргүзө албай жатабыз. Элде эмне маселе болуп жатканын социалдык тармактардан угуп, ызылдап жатабыз. Ошонун бардыгын өкмөт медиа, эл менен иштешүүдө чабалдык кетирип жатат", - деди Жанар Акаев.