Ноокенде жайлоого бара жатып кырсыкка кабылган 11-класстын окуучуларынын окуясы. Ооруканадан үч окуучунун бирөө чыкты

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жайлоого бара жатып, жол кырсыгына кабылып, ооруканага жаткырылган 11-класстын окуучуларынын бирөөсү бейтапканадан чыгарылды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

"Ал эми эки окуучу жакынкы күндөрү чыгарылат. Абалдары туруктуу", - деп жазылат маалыматта.

6-май күнү саат 13:00 чамасында Ноокен айылынын тургуну 25 жаштагы У.Э. өзүнүн Хундай Портер унаасын айдап, 11-класстын окуучулары К.Б., Ж.у.Б., Т.к.А. жана С.С.ны салып, Кара-Булак жайлоосуна бара жатып, жол кырсыгына кабылышкан. Унаанын айдоочусу Кыр-Жон жайытында унааны башкара албай, кырсыкка кабылган. Натыйжада үч окуучу денесинен жаракат алып, аймактык оорукананын хирургия бөлүмүнө жеткирилген. Ал эми бир окуучу, тактап айтканда К.Б. окуя болгон жерден каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан