Бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинде өкмөттүн отчёту каралды.
Баяндаманы вице-премьер-министр Аида Исмаилова жасады. Аталган комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова өкмөттүн отчёту 14-майда Жогорку Кеңештин палатасына чыга турганын эскертти. "Анда мындан да чоң талкуу болот. Бүгүн жакшы даярдык болду. Дагы жакшы даярданып келесиздер деп ишенем", - деп депутат өкмөт мүчөлөрүнө кайрылды.
Жыйынтыгында депутаттар өкмөттүн отчётун канааттандырарлык деп табышты.
Аида Исмаилова депутаттарга ыраазычылыгын билдирди. "Өкмөт коронавируска байланыштуу оор абалда иштеп жатканда колдоо көрсөткөнүңүздөр үчүн ыраазычылык билдиребиз", - деди ал.