XIII Эл аралык Ысык-Көл оюндарына 7 миллион сом бөлүндү
XIII Эл аралык Ысык-Көл
оюндарына 7 миллион сом бөлүнгөнүн Мамлекеттик
дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Учурда Орусия,
Казакстан, Азербайжан, Түркмөнстан жана Монголия мелдештерге катышуу үчүн
арыздарын беришкен. Айта кетсек, спорттук мелдештер 4-12-сентябрь күндөрү спорттун
18 түрү боюнча Ысык-Көлдө өткөрүлөт.