2019-жылы ички дүң продукциясынын көлөмүнүн өсүшү 4,5 пайызга өстү. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Жогорку Кеңештин комитетинде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
"Ички дүң продукциянын көлөмүнүн өсүшү өзүбүз болжолдогон көрсөткүчтөн 0,5 пайызга жогору. 2016-жылдан 2019-жылга чейин ИДП 114 миллиард сомго өстү. Бул 20 пайызга өскөнүн билдирет. Экономикалык жакшы көрсөткүч болуп эсептелет. Былтыр 77 миң 500 жумуш оруну түзүлдү. Анда 14 миң дайым иштей турган ишканаларда эмгектенип жатышат. Ишкерликти өнүктүрүү боюнча мыйзам кабыл алып бердиңиздер. Бул боюнча 29 долбоор иштеп баштады. Бул дагы жакынкы жылдары жемишин берет", - дейт Абылгазиев.