Өкмөт башчы: "Былтыркы жылдан тарта Кытайга цемент, төө буурчак, тамеки, бал экспорттолуп баштады"

Былтыркы жылы экспорт 7,4 пайызга өстү. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылы экспорттун көлөмү 129 миллион долларга көп болду. "Импорт 7,5 пайызга кыскарды. Айыл чарба продукциялары көп экспорттолот. Кытайга дагы экспорт чыгып баштады. Цемент, төө буурчак, тамеки, бал Кытайга кете баштады", - дейт ал.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети өкмөттүн отчётун карап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан