Бүгүн, 12-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов өкмөт чоң реформаларды жасабаганын айтты.
"2 жылдан ашык премьер-министр болуп иштедиңиз. Чоң реформаларды жасайбыз деп келгенсиз, 2 жылдан ашты сунуштарды алып келген жоксуздар. Буга эмне себеп болду? Тескерисинче мамлекеттик мекемелерди көбөйтүп, алардын бюджетин республикалык бюджеттен түздүңүз", - деди Сулайманов.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул багытта анализ кылгандарын айтты. "Анализ кылгандан кийин азыркыдай түзүм менен иштеп турган оң болот деген жыйынтыкка келдик. Чоң өзгөрүүгө алып баруу үчүн каражатты табуу жолундабыз. Мамлекеттик кызматкерлердин санын 30 миң кишиге кыскартсак, кайра жумушсуздук маселеси жаралат. Ошолордун баарын эсептеп көрүү керек", - деди премьер-министр.
Депутат экономиканы өзгөртүүгө ким тоскоол болуп жатканын сурады. "3-4 айдан кийин сиз дагы кетесиз", - деди депутат.
Өкмөт башчы "сиздер кайра келсеңиздер, аман-эсен болсок, биз дагы кайра келебиз" деди.
Депутат премьер-министрге колдоолор болуп жатканын айтты. "2010-жылдан бери премьер-министрлик кызматта сизчелик эч ким көп отурган эмес. Сизди колдогондой президенттер эч кимди колдогон эмес. Иштебей жатасыз деп айткан жокпуз, аракет болуп жатат. Сиз өзүңүз жасабайсыз же министрлерге мүмкүнчүлүк бербей жатасыз. Баарынын буту, колу байланууда. Алар сизге айлап кире албай жатат", - деди Сулайманов.
Өкмөт башчы айлап кире албаган министр жок экенин белгиледи.