Депутат Жыргалбек Турускулов айрымдар коррупцияга каршы күрөшүү боюнча өкмөттүн ишин көрбөй жаткандарын айтышканын белгиледи. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
"Коррупцияга каршы күрөшү боюнча президент иш алып барып жатат деп айтылып жатат. Бирок өкмөттүн коррупцияга каршы алгылыктуу иш алып барганын көрбөй жатабыз дешүүдө же маалыматтар жакшы жетпей жатабы?", - деп сурады депутат.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев маалыматтар жакшы жетпей жатса керек деген пикирин айтты. "Салык кызматы, Бажы кызматын электрондук форматка өткөрүп жатабыз. Ортодогу байланыштар жок болуш керек", - деди өкмөт башчы.