Депутат Бокоев премьер-министрге: "Сиздин өкмөт административдик аймактык реформа жасайт деп күттүк эле"

"Сиздин өкмөт административдик аймактык реформа жасайт деп күттүк эле", - деп бүгүн, 12-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Кенжебек Бокоев билдирди.

"Эмнегедир чечкиндүүлүк болгон жокпу же реформаны шайлоолордон кийин жасайлы дедиңерби? 40 райондо 600гө жакын мамлекеттик уюмдар бар экен. 20 район боло турган болсо, 300дөй мамлекеттик уюмдардын имараттары бошомок, чыгашалары кыскартылмак. 7 облустук прокуратураны УКМК кыскартуу керек. 20 райондун акимдери менен онлайн байланышып турсаңыз иш эффектидүү болмок", - деди Бокоев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан