Жогорку Кеңештин укук тартип боюнча комитетинин депутаттары премьер-министр жыйынга келбегенине нааразы болуп жатышат

Бүгүн, 12-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев отурумга келбегенине нааразы болду.

"Регламентте премьер-министрдин отчёту берилет деп жазылып турат. Биздин премьер-министр кайда? Ал күч түзүмдөрү боюнча маселени өзү көзөмөлдөй турганын айткан", - деди депутат.

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрайымы Наталья Никитенко премьер-министрге чакыруу берилгенин эскертти. Анын айтымында, учурда Жогорку Кеңештин башка комитет жыйындары өтүп жатат.

Өкмөттүн отчёту премьер-министр келгенден кийин улана турган болду. Мындай чечимди депутаттар кабыл алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан