Жогорку Кеңештин эки комитетинде өкмөттүн отчётуна канааттандырарлык деп баа беришти

Бүгүн, 12-майда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети өкмөттүн 2019-жылдагы ишинин отчётун карап, канааттандырарлык деген баа берди. Анда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баяндама жасады.

Анда социалдык курулуштар, республикалык унаа жолдорун бүткөрүү, Тажикстан жана Ооганстан аркылуу Пакистанга электр энергиясын сатуудагы милдеттемелердин аткарылышы сыяктуу маселелер талкууланды.

Ошону менен катар эле Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети дагы өкмөттүн отчётуна канааттандырарлык деп баа берди.

Жыйында депутаттардын суроолоруна өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жооп берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан