Бүгүн, 12-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Урматбек Самаев "Кыргыз Көмүр" ишканасынын директорун сабап кеткен окуя боюнча иш эмне болуп жатканын сурады.
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев ал боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди. "Шектүү катары 3 адам кармалган. Кудай буюрса, бул иш аягына чыгат", - деди министр.
Депутат өкмөттүн кызматкерлерине кол салган мамлекетке кол салганга барабар экенин белгиледи.
"Кыргыз Көмүр" мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Ашырбаевди былтыр 31-октябрга караган түнү Туңгуч кичи районундагы машыгуу залынын жанында белгисиз адамдар сабап кетишкен.