Кыргызстандык мушкерлер Чеченстанда өткөн мелдеште 4 медалга ээ болушту. Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бокс боюнча өткөрүлгөн V Эл аралык мелдеш Чеченстандын биринчи президенти Ахмат-Хажи Кадыровдун элесине арналып, 26-31-август күндөрү уюштурулган. Анда Өмүрбек Малабеков (56 килограмм) жана Эрмек Сакенов (64 килограмм) күмүш медаль тагынышса, Турат Осмонов (49 килограмм) жана Эркинбек Болотбек уулу (69 килограмм) коло медалга ээ болушкан.