Бүгүн, 12-майда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйыны өттү. Анда өкмөттүн отчёту каралды.
Жыйында депутат Мирлан Жээнчороев "Коопсуз шаар" кандай деӊгээлде өнүгүп жатканына кызыкты. "Долбоор сунушталып жатканда, 900 миллион сом чогултабыз дедиӊер эле, план толук ишке ашпай калды. Учурда эрежелерди бузууда айып пулдун көлөмү 592 миллион сомго гана чогулду", - деди депутат.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев калган 45 пайызы чогултулбай калган айып пулду элдин жол эрежелерин сактап, кылдат көӊүл буруп калганы менен байланыштырды.
Аталган комитеттин төрайымы Наталья Никитенко өкмөт кагаз түрүндө өздөрүнүн жасаган иштерин жогору баалап, бирок реалдуу жашоодо көрсөткүчтөр чындыгында чала экенин сынга алды. Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү бир катар сунуштарды берүү менен премьер-министрдин отчётун колдошту.