Көпчүлүк сүйүп көргөн "Аватар" тасмасынын уландыларын тартууга 1 миллиард доллар жумшалмакчы. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Disney" компаниясы мындай чоң суммадагы каражатты биринчи жолу бөлүүдө. Буга чейин тасма Жаңы Зеландия чөлкөмүндө тартылып баштап, коронавирус пандемиясына байланыштуу токтотулган эле. Режиссёр Жеймс Кэмерон өлкөгө качан келери белгисиз, бирок "Аватардын" уландысы жакынкы аралыкта тартылып баштаары айтылат.
Тасманын 2-бөлүгү 2021-жылга, 3-бөлүгү 2023-жылга пландалууда. Эгер тасма жакшы каражат чогултса, 4 жана 5-бөлүгү да тартылып, 2024-жылы жана 2027-жылдары чыкмакчы.
Учурда Кэмерон сүрөтчүлөр менен биргеликте компьютердик графиканы жасап, аралыктан иш жүргүзүп жатканы маалымдалат.