Баткен шаарында эки Портер менен жеңил унаа сүзүшүп, анын кесепетинен 5 киши жаракат алды. Кырсык 13-майга караган түнү саат 00:57 чамасында орун алганын ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"2 Портер жана Ниссан унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 5 эркек адам денесинен ар кандай жаракаттарды алышты. Куткаруучулар жабыркагандарды унаадан чыгарышып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришти", - деп айтылат маалыматта.