Депутат премьер-министрге: "Сиздин докладыңыз Махатхир менен Ли Куан Ю суктана тургандай болуп калыптыр"

"Сиздин докладыңыз Махатхир менен Ли Куан Ю суктана тургандай болуп калыптыр" деп бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев билдирди.

"Алар Кыргыз мамлекетине көчүп келебиз дешпесе болду" дейт депутат.

Анда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "тилегиңиз кабыл болсун" деп жооп берди.

Махатхир Мохамад Малайзиянын мамлекеттик жана саясий ишмери. Ал премьер-министр болуп иштеген. Ли Куан Ю Сингапур Республикасынын биринчи премьер-министри, Сингапур "экономикалык укмушунун" автору.

Учурда Жогорку Кеңеште өкмөттүн отчёту каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан