Депутат Тазабек Икрамов мамлекеттин мүлкүн мыйзамсыз менчиктештирген чиновниктер жоопко тартылышы керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Бүгүнкү күнү мыйзамсыз байыган чиновниктер боюнча элде нааразычылыктар пайда болду. 1990-жылдан бери мамлекетке ар кандай гранттар, акча бөлүнгөн. Бирок сүйүнүп айта турган завод, фабрика курулган жок. Ошону кандай кылып бөлүп кеткен? Эл ошону күтүп жатат. Мыйзамсыз жолдор менен мамлекетибизге баш аламандык алып келген топтор түзүлдү. Бул маселени чечкиндүү караңыздар", - деди депутат.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: "Биз укуктук мамлекетпиз, мыйзамдын негизинде иш алып барышыбыз керек", - дейт.