Бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Абдывахап Нурбаев өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бюджеттин аткарылбай калганы үчүн ким кызматтан кеткенин сурады.
"Сиз тарыхта эң көп жыл иштеген премьер-министр катары калып жатасыз. Ошол эле учурда бюджетти аткарбаган премьер-министр катары калдыңыз. Бюджеттин аткарылбай калганы үчүн кайсы чоң жетекчи кызматтан кетти?" - деп сурады депутат.
Өкмөт башчы бюджеттин аткарылбай калганын өзүнүн жүйөөлүү себептери бар экенин айтты. "Аткарылбаган фактылар боюнча аргументтерибиз бар. Бюджет тууралуу мыйзамдын аткарылышы боюнча маселени карап жатканда айтабыз. Кызматтан кеткендер бар. Салык кызматынын жетекчиси алмашты", - деди Абылгазиев.
Депутат инвестицияга, орто жана чакан бизнестерге шарт түзүп бере албагандан бюджет аткарылбаганын айтты.