Ысык-Көлдө чагылган түшүп, 25 жаштагы жаран каза болду

Ысык-Көл облусунда чагылган түшүп, 25 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя Тоң районунун Көл-Төр айылында кечээ, 12-май күнү саат 17:20да болгон.

"25 жаштагы А.Э. талаада мал жайып жүргөн. Ошол убакта чагылган түшүп, маркум өзү минип жүргөн эшеги менен окуя болгон жерден каза болгон", - деп билдиришти облустук милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Arstan18.18
2020-05-13 15:49:33
Телефону жанында болуп тушконго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан