Өкмөт башчы былтыркы жылы экспорттун көлөмү 7 пайызга өскөнүн айтты

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев былтыркы жылы экспорттун көлөмү 7 пайызга өскөнүн айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

“Тышкы инвестициянын көлөмү 876 миллион долларды түзүп, өсүш 2,9 пайызды түздү. Анын ичинен Кыргыз өлкөсүнө Кытайдан, Канададан, Улуу Британиядан, Түркиядан, Орусиядан, Казакстандан инвестиция тартылган. Алардын көпчүлүгү тоо-кен өнөр жайына, унаа жолдорун курууга, айыл чарбасына багытталган. Экспорт менен импортто да оң баланс сакталды. Экспорттун көлөмүнүн өсүшү 7 пайыз болуп, Кытайга, Иранга, Казакстан менен Орусияга азык-түлүктөрдү жөнөтө баштадык”, - деди өкмөт башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан