Бүгүн, 13-майда Жогорку Сотто укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши каралды. Бул тууралуу маалыматты мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Азимжан Аскаровдун жана анын жактоочусу Вахитовдун кассациялык даттанууларынын негизинде жазык иши каралып, Аскаровго Чүй облустук соту 2017-жылдын 24-январындагы өкүмү күчүндө калтырылды. Соттолгон Аскаровдун жана анын жактоочусу Вахитовдун кошумча кассациялык даттануулары канааттандыруусуз калтырылды.
Эске сала кетсек, 2020-жылдын 25-февралында Жогорку Сот жаңы жагдайлар боюнча өлкөнүн түштүгүндөгү кандуу окуяга тиешеси бар делип өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун ишин кайра карамак. Соттук процесс башталганда мамлекеттик айыптоочулар кассациялык арыз менен тааныш эмес экендигин билдиришкен. Кеңешме залынан чыккандан кийин соттук коллегия отурумду 6-апрелге жылдыруу чечимин кабыл алганын айткан. 6-апрелде сот отуруму өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу өтпөй калган.
Аскаров буга чейин Базар-Коргондо 2010-жылдагы "массалык баш аламандыкты уюштурган" деген беренелер менен айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Ал бул күнөөнү моюнуна албай келет.
2016-жылы 31-мартта БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Азимжан Аскаровдун ар-намысын басмырлаган мамилени, укуктук коргоонун жана калыс, адилет соттук териштирүүлөрдүн болбогондугун, ырайымсыз, адамгерчиликсиз, катаал кыйноолор колдонулгандыгы боюнча фактыны тастыктаган. Аталган комитет кыргыз бийлигин укук коргоочу Азимжан Аскаровду абактан токтоосуз бошотууга чакырган.
Кылмыш ишин караган Чүй облустук соту БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечимине байланыштуу 2017-жылдын 24-январындагы өкүмү менен Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунун 2016-жылдын 15-сентябрындагы өкүмүнүн айыптоо беренелеринин бирин жарым-жартылай өзгөртүү менен күчүндө калтырган.
2019-жылдын 30-июлунда Чүй облустук сотунда жаңы ачылган жагдайлар боюнча укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кылмыш ишин кайра карап, мурунку өкүмдү күчүндө калтырган.