Жогорку Кеңеш өкмөттүн отчётун канааттандырарлык деп тапты

Бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн 2019-жылдагы иши жөнүндө премьер-министрдин отчётун укту.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөдөгү социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү, аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү, коррупцияга каршы күрөшүү, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу багытында жасалган иштер тууралуу маалымат берди.

Ошону менен катар эле депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш өкмөттүн отчётун канааттандырарлык деп тапты. 96 депутат "макул" деп, 5 эл өкүлү "каршы" деп добуш беришти.

Премьер-министр айтылган сындардын баарын кабыл ала турганын айтып, депутаттарга ыраазычылык билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан