Депутат спикерге: "Өкмөттүн жакшы жерлерин айтып жатсаңыз "тост" сүйлөп жаткандай сезилип кетти"

Бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн бир жылдык отчёту каралды.

Анда депутат Каныбек Иманалиев өкмөттүн дарегине бир канча сындарды айтты.

"Кыргыз мамлекетинин экономикасы өсүп жатат дегендерге менин жообум. СССРдин курамындагы мамлекеттердин экономикасынын өсүшү боюнча Усубалиевдин 4 томдук китеби бар. 15 мамлекетте Кыргыз өлкөсү 9-11-орунда келген. Кыргыз мамлекети эч убакта 15-орунда келген эмес. Бүткүл дүйнөлүк банктын эсеби менен Кыргыз өлкөсү ушул темп менен өнүгүп отурса, азыркы Арменияны кууп жетиш үчүн 23 жыл керек экен.

Аткезчиликтин айынан күйүүчү майдан эле 7 миллиард сом, алкоголдук ичимдиктен 5 миллиард сом бюджетке түшпөй жатат.

Мурунку депутат Нариман Түлеевдин дүкөнүн мамлекет менчиктештирип алды. Өкмөттүн отчётунда дүкөндөн 20 миллион сом түштү деп жүрөт. Мен Нариман Түлеев менен байланышсам, ижара акысы төмөн кезде 2013-жылы 80 миллион сом киреше алчу экен. Анан кантип коррупция жок деп айтабыз? Эң өкүнүчтүүсү СССРдин алкагында алтын чыгарууда 3-орунда турабыз. Бирок ички дүң продукциянын өсүшү боюнча 14-орундабыз.

Кыргыз өлкөсү кайсы күнөөсү үчүн Беларусь өлкөсүнө караганда газга 5 сом кымбат төлөйт. Тажикстанга караганда газ үчүн 1,5 эсе кымбат төлөйбүз. Бул өкмөттүн жетиштүү иш алып бара албай калгандыгы да. Өкмөттүн ишине канааттандырарлык деп баа берсем кыргыз элин жана өкмөттү алдап койгон болом", - деди депутат.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков өкмөттүн ишинде ийгиликтер да, кемчиликтер да болгонун айтты. "План койдук, өкмөт кыйналса да ошону аткарганга аракет жасады. СССР убагында салынбаган мектеп, бала бакча, жолдор бүгүнкү күндөрдө курулуп жатат", - деди Жумабеков.

Каныбек Иманалиев төрагага: "Сизге чоң рахмат, өкмөттүн жакшы жерлерин айтып жатсаңыз "тост" сүйлөп жаткандай сезилип кетти", - деп кайрылды.

Төрага: "Тостту" башка жерден сүйлөйт, биз "тост" көтөрбөй калганбыз", - деп жооп берди.

Өкмөттүн отчётун 96 депутат колдоп, 5 эл өкүлү каршы болду. Жыйынтыгында өкмөттүн отчёту канааттандырарлык деп табылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан