Бир катар жергиликтүү соттордун судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Судьялар кеңешинин сунушу боюнча, төмөнкү судьялардын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.
Нарын райондук сотунун судьясы Эркинбек Мамбеталиев кызмат ордунан өз каалоосу менен бошотулду;
Ош облустук сотунун судьясы Мыктыбек Касымалиев кызмат ордунан өз каалоосу менен бошотулду.
Мындан сырткары Судьялар кеңешинин сунушу боюнча, мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, 7-майда Бишкек шаарынын Райондор аралык сотунун судьясы Нурия Бекбаеванын ыйгарым укуктары токтотулду.