UFC: Конор Макгрегор Жастин Гейтжинин тишинен шуру жасайм деп убада берди

Ирландиялык атактуу UFC мушкери Конор Макгрегор америкалык мушкер Жастин Гейтжинин сегиз бурчтуктан тиштерин күбүп, андан шуру жасаганга убада берди. Бул тууралуу мушкер өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына жазган.

Ошондой эле Конор Макгрегор Жастин Гейтжини АКШнын атынан беттештерге катышканга татыктуу эмес деп атаган. Макгрегордун билдиришинче, америкалык мушкер террордук уюмдун мүчөсү. Бирок кайсы уюмдун мүчөсү экенин жазган эмес.

10-майда АКШнын Жексонвилл шаарында өткөн UFC 249 турниринде Жастин Гейтжи жердеши Тони Фергюсонду беттештин бешинчи бөлүгүндө техникалык нокаут менен жеңип, UFC уюмунун жеңил салмактагы убактылуу чемпиону аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
001KG
2020-05-13 22:02:02
Көрө албай эле ар нерсе дей берет экенда бул артист)). Капипке чейинда ар нерсени сүйлөп, оңой эле жеңилип, жер карап отуруп калды эле байкуштай болуп. Гайтжи сени смело талкалайт ишене бер. Сен Гайтжиге жалкосуң, аны эми Капипке салыш керек.
+6
Sakura715
2020-05-14 00:04:40
Күтөм беттешти,Конор дайым мыкты!
+7
ilgizk
2020-05-14 01:28:08
Конор жөн тегиздейт
-2
Jeltelmen.99
2020-05-14 04:06:10
Спектакль
+3
Kairatbek.
2020-05-14 04:15:41
Башын кесип шорпо жасап ичседа мага баарибирго
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан