Бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында парламентке өтүү үчүн 9 пайыздык босоголук чекти 7 пайызга төмөндөтүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды.
Анда депутат Мирлан Жээнчороев мыйзам долбоорун кароодо регламент бузулуп жатканын айтты. Бир топ депутаттар убагында 9 пайыздык босоголук чекти колдогон депутаттар бүгүн башкача сүйлөп жатканын билдиришти.
Депутат Жанар Акаев Мирлан Жээнчороевди колдой турганын айтты. "Жогору жактан макулдук алгандардын мыйзамы парламенттин палатасына биринчи кирип, аны жарым саат талкуулаган, кийин кабыл алынат деп жазып коюшубуз керек. Биз бул мыйзам долбооруна ким макулдук бергенин билип жатабыз да. Мен Мирлан Жээнчороевдин таламын ачык талашкым келет. Эгер саясатчы өзүнүн оюн жакшы жакка өзгөртсө эмнеге болбосун. Биз аны кубатташыбыз керек да. Же ошондо сиздер 9 пайыздык босого чек киргизилип жатканда каршы күрөштүңүздөр беле? Ким позициясын өзгөрткөн жок? Өткөндөгү президенттин этегине намаз окугандар, эми азыркы президенттин этегине намаз окуп жатасыңар. Атамбаевге Түндүк-түштүк альтернативдик жолдун атын бериш керек дегендер азыр аны тескерисинче тепкилеп жатат. Бир эле Мирлан Жээнчороев пикирин өзгөрткөн жок", - деди Акаев.